Бүгүн, 2014-жылдын 18-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги Асанбек Алымкожоевди жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнү коргоо жана коопсуздукту камсыздоо маселелери талкууланды.
Жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана коргоо боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан көрүлүп жаткан чараларды дагы талкуулашты.