Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Украинанын Президенти Петр Порошенко Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2014-жылдын 17-сентябрында, Украина  Республикасынын Президенти Петр Порошенко Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграмасында Петр ПорошенкоУкраина менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелер достуктун жана конструктивдүү диалогдун негизинде ырааттуу бекемделээрине ишенимин билдирди

Украинанын Президенти Кыргызстандын Президентине чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде достук Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн ийгиликтерди каалады.

2014-жыл 17-сентябрь