Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2014-жылдын 17-сентябрында, Тажикстан Республикасынын Президенти эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграмасында Эмомали Рахмон Алмазбек Атамбаев менен жакында Душанбе шаарындагы жолугушууну эскерип, ата-бабалар кылымдар бою бапестеген достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана өз  ара көмөктөшүүнүн тарыхый мамилелерин тажик эли аярлап сактап келе жаткандыгын дагы бир ирет ырастады.”Жакшы мамилелер мындан ары улантылаарына ишенем. Сиз менен бирге аны үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даярмын”,- деп айтылат телеграммада.

Тажикстандын Президенти Кыргызстандын Президентине бакыт-таалай жана ишмердигине ийгиликтерди, Кыргызстан элине – бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2014-жыл 17-сентябрь