Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Беларустун Президенти Александр Лукашенко Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2014-жылдын 17-сентябрында, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграмасында Александр Лукашенко Беларусь Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы түзүлгөн салттуу достук мамилелери эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн саясый, соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыктын активдештирүүсүнө жардам болооруна ишеним билдирди.  

Александр Лукашенко Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалады.

2014-жыл 17-сентябрь