Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2014-жылдын 17-сентябрында, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Ильхам Алиев эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достук мамилелери мындар ары да азербайжан-кыргыз кызматташтыгынын жана өз ара аркеттенүүнүн өнүгүүсүнө жардам болооруна ишеним билдирди.

Азербайжандын Президенти Кыргызстандын Президентине чың ден соолук, бакыт-таалай жана Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

2014-жыл 17-сентябрь