Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2014-жылдын 17-сентябрында, Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Ислам Каримов Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы тарыхый түзүлүп калган  жакшы коңшулаштык, өз ара урматтоо жана түшүнүү мамилелердин мындан аркы өнүгүүсү эки өлкөнүн жана элдин кызыкчылыктарына жооп берээрине ишеним билдирди.

Өзбекстандын Президенти Кыргызстандын Президентине чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми өлкөнүн элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

2014-жыл 17-сентябрь