Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2014-жылдын 17-сентябрында, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Нурсултан Назарбаев  Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган ишмердүүлүгү жогорку баага ээ экендигин белгиледи.

“Казакстан боордош Кыргызстан менен мамилелерди бекемдөөгө чоң маани берет. Буга эки өлкөнүн ортосундагы өнүгүп жаткан саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар далил боло алат”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Нурсултан Назарбаев Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгилик, ал эми Кыргызстандын боордош элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

2014-жыл 17-сентябрь