Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2014-жылдын 17-сентябрында, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Президент мырза,

Туулган күнүңүзгө карата чын жүрөктөн айтылган каалоолорумду кабыл алыңыз.

Учурда кыргыз-кытай мамилелери жакшы өнүгүп келе жатат. Буга Сиздин 2014-жылдын май айында Кытайга мамлекеттик сапар менен ийгиликтүү келип кетип, анын жүрүшүндө сиз менен достук маанайда пикир алышып, эки тараптуу мамилелердин терең өнүгүүсү боюнча маанилүү келишимдерге жетишкенибиз далил боло алат.

Мен түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча келишимдердин ишке ашып жатканын зор канааттануу менен белгилеп кетким келет.

Мен кыргыз-кытай мамилелерине зор маани берем. Ортобузда түзүлгөн жакшы мамилелерди жогору баалайм. Мен Сиз менен тыгыз байланышта болуп, биздин өлкөлөрдүн жана элдердин бакубатчылыгына багытталган стратегиялык өнөктөштүктүн кыргыз-кытай мамилесин тынымсыз өнүктүрүүнү алдыга жылдыруу максатында Сиз менен бардык аракеттерди көрүүгө даярмын.

Сизге чың ден соолук жана ишиңизге ийгиликтерди каалайм.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы

Си Цзиньпин”

2014-жыл 17-сентябрь