Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 17-cентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Социалдык фонддун ишмердигине тиешелүү, ошондой эле төлөмдөрдү администрациялоо жана пенсияларды каржылоо маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Мухамметкалый Абулгазиев пенсияларды төлөөдөгү диспропорцияны жоюуга, пенсиянын көлөмү менен Социалдык фондго төлөнгөн мүчө акылардын суммасына ортосунда түз өз ара байланышты орнотууга багытталып иштелип жаткан Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү Концепциясынын алкагында сунушталган чараларды талкуулашты.

Мамлекет башчысы Социалдык фонддун төрагасы менен октябрь айында ишке ашырыла турган пенсияларды көбөйтүү маселесин дагы талкуулады. Пенсия жогорулатылгандан кийин анын орточо көлөмү 4600 сомго чейин көбөйөт.

Президент Алмазбек Атамбаев пенсиялык камсыздоо системасын реформалоо  пенсиянын реалдуу көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берип, өлкөнүн пенсиялык системасын балансташтырып, жарандарга карата кыйла калыс кылуу зарыл экендигин баса белгиледи.

 

2014-жыл 17-сентябрь