Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ТМКК Башкы катчысынын орун басары Адахан Мадумаровду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 16-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысынын орун басары Адахан Мадумаровду кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстанда жыйынтыкталган I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тиешелүү маселелер талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан ТМКК мүчө мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу өз ара аракеттешүүдөгү мамилелердин өнүгүшүнө чоң маани берээрин белгиледи. Мамлекет башчысы ТМКК Катчылыгына Кыргызстанда I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Алмазбек Атамбаев жана Адахан Мадумаров ошондой эле ТМКК ишмердүүлүгүнө байланыштуу түрдүү маселелерди, анын ичинде Кыргызстандын Азербайжан, Казакстан жана Түркия менен бул уюмдун алкагында өз ара аракеттешүүсүн мындан ары активдештирүүгө байланыштуу жагдайларды талкуулашты.

2014-жыл 16-сентябрь