Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин жана I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларынын дарегине Татарстандын Президенти Рустам Миннихановдон куттуктоо келип түштү

Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Миннихановдон Кыргыз Республиксынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жана I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларынын дарегине куттуктоо келип түштү.

Татарстан Президентинин куттуктоосу:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Урматуу Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучулары!

Көп улуттуу Татарстандын атынан ушундай көрүнүктүү спорттук мелдештердин уюштуруучуларын жана катышуучуларын чын жүрөктөн куттуктайм!

Учурда дүйнөлүк маданий мурасты сактоо, аны сактоонун жана кийинки муунга өткөрүп берүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу маселелери чоң мааниге ээ болууда. Бул заманбап дүйнөлүк реалдуулуктарды эске алуу менен туруктуу өнүгүүгө умтулган азыркы коомдун приоритеттүү маселелеринин бири.

Маданияттын, спорттун улуттук түрлөрүнүн инсандын өнүгүп, калыптануусундагы, коомдун гумандашуусундагы, улуттук өзгөчөлүктү сактоодогу ролу баа жеткис. Руханий дөөлөттөр, тарыхый эскерүүгө татыктуу мамиле жасоо коомдук ынтымактын бекемделишине көмөктөшөт.

Буга байланыштуу Түрк кеңешине кирген мамлекеттер тарабынан колдоого алынган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары салттуу улуттук маданият жана спорттун түрлөрүн сактоого жана өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө түрткү берүүгө багытталган. Мелдештер, албетте, коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурат. Оюндар массалык спорт жана дене тарбиянын өнүгүүсүнө, сергек жашоого, көчмөн элдердин бай салт-санаасына аяр мамиле жасоого олуттуу таасир тийгизет деп ишенем.

Татарстан Республикасындагы спорт инфраструктурасынын өнүгүшү эл аралык ири мелдештерди өткөрүүгө, спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Кыргызстанда да Оюндар жылдан жылга белгилүү болуп, спорт жана эс алуунун заманбап инфраструктурасын түзүүгө байланыштуу чоң маселелерди ийгиликтүү чечүүгө көмөктөшүп, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн туристтердин кызыгуусун арттырат деп ишенем.

Оюндардын катышуучуларына өз чеберчилигин толук көрсөтүп, бийик көрсөткүчтөргө жетишин каалайм, ал эми күйөрмандарга – жаркын,унутулгус таасир алышына тилектешмин. Жолуңар ачылып, ийгилик коштосун!

Татарстан Республикасынын  Президенти 

Рустам Минниханов”

2014-жыл 13-сентябрь