Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту

2014-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Душанбе шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышуу алкагында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибинин маселелери, өз ара кызыгуу жараткан регионалдык проблемалар жана эл аралык актуалдуу маселелер талкууланды. Мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу диалогду мындан ары өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн маанисин баса белгилешти.

Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун принципиалдуу маанисин баса белгилеп, Алмазбек Атамбаев менен Эмомали Рахмон макулдашууларды кыйшаюсуз аткаруунун зарылчылыгынө өзгөчө басым жасашты. Андан тышкары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында инциденттер тез-тез катталгандыгына тынчсыздануусун билдирип, Мамлекет башчылары чек араларда тирешүүнү күчөтүүгө багытталган ар кандай аракеттерге жол бербөө зарылчылыгына, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө, 2014-жылы катталган инциденттерди иликтөөнү тездетип аягына чыгарууга өзгөчө көңүл бурушту.

Тараптар мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетип аяктоонун маанисин дагы бир ирет баса белгилеп, делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык комиссияга өз ара ишеним көрсөтүүнүн, өз ара түшүнүшүүнүн, эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алуунун жана компромисстин негизинде мамлекеттик чек ара сызыктарын кагаз бетине түшүрүү боюнча ишти активдештирүүгө милдеттендиришти.

Алмазбек Атамбаев менен Эмомали Рахмон эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнүн маанисин белгилеп, аны мындан ары күчөтүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин ырастап, эки өлкөнүн Өкмөттөрүнө экономикалык байланыштарды бекемдөө жана диверсификациялоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда соода жүгүртүүнү күчөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө милдеттендиришти.

Тараптар энергетика тармагында мындан ары кызматташууга даярдыгын ырасташты, энергетикалык алмашууга жана энергетикалык системалар ортосунда өз ара көмөктөшүүгө өзгөчө маани берип, CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу максатында өз ара активдүү аракеттенүүнү улантуу тууралуу макулдашууга жетишишти.

Мамлекет бачылары региондо коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууда маанилүү аянтчага айланган ШКУнун, ошондой эле Уюмдун мүчө-мамлекеттерин биргелешип өнүктүрүүнү стимулдаштыруунун кеңири перспективаларын белгилешти. Тараптар ШКУнун регионалдык маселелерде мындан да активдүү ролун арттырууну колдоого алат жана ШКУнун алкагында саясый экономикалык жана гуманитардык тармактарда, коопсуздук чөйрөсүндө, өз ара аракеттенүүнү мындан ары да тереңдетүүгө даяр, региондо узак мөөнөттүү тынчтыкты, биргелешип гүлдөп өнүгүүнү жана гармонияны камсыз кылуу боюнча  күч-аракет жумшайт.

Президент Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевди ыңгайлуу учурда Тажикстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча Мамлекет башчылары тиешелүү  Коммюнике кабыл алышты.

2014-жыл 13-сентябрь