Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту

2014-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Душанбе шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышуу алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүүсүнүн жогорку динамикасын белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге энергетика жана транспорттук коммуникациялар тармактары сыяктуу Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү инфрастуктуралык долборлорду ишке ашырууда колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө кытай тарап Кыргызстандын түндүк-түштүк альтернативдик автомобилдик жолунун курулуш долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу үчүн жаңы жеңилдетилген насыя бөлүү боюнча принципиалдуу чечим кабыл алынгандыгы тууралуу маалымдады.

Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара пайдалуу  өнөктөштүктү бекемдөө үчүн соода-экономикалык эки тараптуу кызматташтыкты мындан аркы кеңейтүү жана тереңдетүү маанилүү экендигин белгилешти.  

Кыргызстан жана Кытайдын башчылары эки өлкөнүн укук коргоо жана күч органдарынын ортосундагы коопсуздук тармагындагы тыгыз өз ара кызматташууну улантуунун зарылдыгын баса белгилешти.  

Президент Алмазбек Атамбаев жана Төрага Си Цзиньпин эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсү канаттандыраарлык экендигин, кыргыз-кытай стратегиялык кызматташтыктын баардык багыттары боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендигин билдиришти.

2014-жыл 13-сентябрь