Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Душанбедеги ШКУ Саммитинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Бүгүн, 2014-жылдын 12-сентябрында, Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Уюмга мүчө мамлекеттеринин Башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин башчылары Кеңешинин Душанбе декларациясы.

2. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчылары Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекети статусун алуу максатында арыз жазган мамлекеттин милдеттери тууралуу типтүү Меморандум жөнүндө чечими.

3. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчылары Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекети статусун берүү Тартибин бекитүү жөнүндө чечими.

4. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчылары Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун 2025-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясынын долбоору жөнүндө чечими.

5. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчылары Кеңешинин Экинчи дүйнөлүк согушта фашизмди жеңүүнүн 70 жылдыгын белгилөө жөнүндө чечими.

6. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчылары Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчылары Кеңешинин чечимдеринин күчүн жоготкондугу жөнүндө чечими.

7. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчылары Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун символикасы жөнүндө Токтомун бекитүү жөнүндө чечими.

8. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын Докладын бекитүү жөнүндө чечими.

9. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн 2013-жылдагы иш-аракети жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррористтик түзүмү Кеңешинин Докладын бекитүү жөнүндө чечими.

ШКУга мүчө мамлекеттеринин Башчылары ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча Маалыматтык билдирүүнү кабыл алышты.

Мындан тышкары, ШКУга мүчө мамлекеттеринин Башчыларынын катышуусунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Өкмөттөрү ортосунда эл аралык автомобилдик ташуулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

ШКУга төрагалык кылуу Россия Федерациясына өттү.

2014-жыл 12-сентябрь