Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы отуруму болуп өттү

Бүгүн, 2014-жылдын 12-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында өткөрүлүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы отурумуна катышты.

Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонго меймандостугу жана Душанбе шаарында ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин жыйынын мыкты уюштургандыгы үчүн, ШКУга төрагалык милдетти аткарган мезгилде тажик тарап жасаган чоң иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы ошондой эле Уюмга эми төрагалык кыла турган Россия Федерациясына ийгилик каалады.

Президент Саммитти ийгиликтүү өткөрүү ШКУну мындан ары өнүктүрүүгө, эл аралык деңгээлде анын кадыр-баркын көтөрүүгө жаңы дем берет деген терең ишенимин билдирди. “Бишкек саммитинен кийин ШКУ мүчө-мамлекеттери  Бишкекте жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча өндүрүмдүү иш жүргүздү. Бишкекте өткөн жылы биз тышкы иштер ведомстволорунун башчыларына 2025-жылга чейин ШКУну өнүктүрүүнүн Стратегиясын иштеп чыгып, кароого сунуштоо милдети тапшырылган. Бүгүн биз “2025-жылга чейинки Стратегиянын долбоору жөнүндө” Кеңештин чечимине кол коебуз, бул документти макулдашуу иштерин уюштурууга милдеттендиребиз. Бул маанилүү документ жакынкы 10 жылдыкка Уюмдун ишмермердүүлүгүнүн негизги багытын аныктап калат деп ишенем”,- деди Алмазбек Атамбаев байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары дагы катышкан отурумда.

“Дүйнөдөгүдөй эле региондогу кырдаал татаал. Иракта жана Жакынкы Чыгышта, Сирияда, Ливияда кризис тереңдеп бара жаткандыгы бизди тынчсыздандырбай койбойт”,- деди Алмазбек Атамбаев

“Албетте, биз боордош Украинадагы кырдаалга дагы тынчсызданып жатабыз. Минскиде үч тараптуу жолугушуунун жыйынтыктары жана Украинанын чыгышында атышууларды токтотуу тууралуу Протоколдун бардык пункттарын сактоо кырдаалды мындан ары турукташтырууга негиз түзөт деп эсептейбиз”,-деди Алмазбек Атамбаев

Мамлекет башчысы Афганистанда тынчтык жана туруктуулук болушуна кызыкдар экендигин, Афганистан Өкмөтүнүн демократиялык кайра түзүүлөрдү жүргүзүүгө жана өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууга багытталган аракетин колдоого алаарын билдирди. “Бизди Борбордук Азиядагы мамлекеттердин территорияларында аракеттенип жаткан уюшкан кылмыштуу баңги жамааттардын улам күчөп бараткан интеграция процесси тынчсыздандырууда. Биздин оюбузча бул жагдайда баңги заттарын таратууга каршы биргелешип күрөшчү натыйжалуу иштеген системаны калыптандыруу боюнча чечкиндүү чара көрүү зарыл. Менимче, биз мында ары дагы терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге, чектешкен чек аралардагы уюшкан кылмыштуулукка каршы максаттуу иш жүргүзүүгө милдеттүүбүз”,-деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы өз учурунда ШКУ “Шанхай бешилтигинин” негизинде түзүлгөндүгүн жана аскер тармагында ишенимди бекемдөө жана чек ара райондорунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу тууралуу Макулдашуу беш тараптуу форматта кол коюлгандыгын баса белгиледи. Ал Макулдашуулар азыр дагы күчүндө. “Ушул  келишимдер жалпы евразия регионунда тынчтыкты жана туруктуулукту сактап турууга олуттуу салым кошту. Учурдагы жагдайларды эске алуу менен бардыгыбыз ошол кезде жетишилген келишимдерди кыйшаюсуз сактап, регионубузда ишеним чараларын бекемдөө боюнча бардык күч-аракетибизди жумшоо зарыл деп эсептейм. ШКУ мүчө-мамлекеттеринин чек ара райондорунда ишенимди бекемдөө биздин приоритеттерибиздин бири болуп калууга тийиш деген ойдомун”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы бул багытта тиешелүү аракеттерди практикалык ишке ашырууну камсыз кылуу максатында чек ара райондорунда ишенимди бекемдөө тууралуу Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосунда эки тараптуу негиздеги макулдашуулардын долбоорун кийинчерээк кол коюш үчүн иштеп чыгууга киришүүнү сунуш кылды.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстан бара-бара Уюмду чыңдоо ишинде экономикалык кызматташуу бекемдөөчү факторго айланууга тийиш деген позицияны тутунаарын баса белгиледи. “Долбоорлорду ишке ашырууну финансылык коштоонун алкагында биз тез арада ШКУну өнүктүрүү фондун жана өнүктүрүү банкын түзүүнү колдойбуз”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент ШКУ түзүлгөндөн бери Кыргызстан анын ишмердигине активдүү  катышып жаткандыгын, уюмдун келечеги кең,натыйжалуу жана кызыгаарлык регионалдык түзүм деп эсептээрин белгиледи. “Биргелешип, бардык жетишилген макулдашууларды бекем сактагандыгыбызды бүт дүйнөгө көрсөтө алабыз деп ойлойм. Бул Уюмубуздун аброюн арттырып, анын мүмкүнчүлүктөрүн жана жетилгендигин далилдейт деп ишенем”,-деди сөзүнүн соңунда Алмазбек Атамбаев.

2014-жыл 12-сентябрь