Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин тар чөйрөдөгү отуруму болуп өттү

Бүгүн, 2014-жылдын 12-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында өткөрүлүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин тар чөйрөдөгү отурумуна катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчылары отурумдун күн тартибин, кол коюуга даярдалган документтердин тизмесин, ошондой эле ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин кийинки отуруму өткөрүлчү жерди талкуулашты.

Жыйында сүйлөгөн сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев диний экстремизмдин өсүшү, Борбордук Азия өлкөлөрүнө террористтик топтордун кирүү коркунучу, ошондой эле региондо баңгитрафиктин көбөйүү тобокелдиги негизги проблемалардан, ошондуктан региодогу мамлекеттер буга өзгөчө көңүл бурууга тийиш экендигин белгиледи. “ШКУ мүчө-мамлекеттеринин ортосунда өз ара кызматташуунун жогорку деңгээли, максаттуу жана комплекстүү иштерди уюштуруу гана мындай коркунучтарга натыйжалуу бөгөт боло алат деп эсептейбиз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

2014-жыл 12-сентябрь