Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Малайзиянын тышкы иштер министри Аниф Аманды кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 8-сентябрында. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы Мамлекеттик резиденцияда Кыргызстанга расмий сапар менен келгенМалайзиянын тышкы иштер министри Аниф Аманды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түрдүү тармактарда кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы биринчи кезекте соода-экономикалык тармакта пайдаланылбаган мүмкүнчүлүктөр болгон кыргыз-малайзиялык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев Малайзиянын тышкы иштер министри Аниф Амандын кыргызстанга жасаган расмий сапары эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө зор салым кошооруна ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Малайзиянын тышкы иштер министри Аниф Аман экономикада, соодада жана инвестиция боюнча өлкөлөр ортосунда байланыштарды активдештирүү зарылчылыгына токтолду. Сапарынын башкы максаттарынын бири Кыргызстанга Малайзиядан инвестиция тартуу жана өлкөлөр ортосунда бизнес байланыштарын активдештирүү экендигин белгилеп өттү.

Аниф Аман Кыргызстанга I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө ийгиликтерди каалады.

Малайзиянын тышкы иштер министри Аниф Аман 9-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтө турган I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш салтанатына катышат.

2014-жыл 8-сентябрь