Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев түрк тилдүү мамлекеттердин аксакалдарын кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 8-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы Мамлекеттик резиденцияда түрк тилдүү мамлекеттердин Аксакалдар кеңешинин өкүлдөрүн кабыл алды.

Мамлекет башчысытүрк тилдүү мамлекеттердин, ошондой эле Оюндарга катышып жаткан мамлекеттердин биримдигин жана достугун чыңдоодо I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн маанисин белгиледи.

Түрк тилдүү мамлекеттердин аксакалдары Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө мамлекеттеринин Президенттери тарабынан колдоого алынган Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин көчмөндөрдүн биринчи оюндарын өткөрүү боюнча демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди. Түрк тилдүү мамлекеттердин аксакалдары ушул оюндар аркылуу жалаң түрк тилдүү мамлекеттер гана эмес, башка өлкөлөрдүн элдери дагы маданияттын, тарыхтын жана спорттун  жалпылыгын көрө алышат деп баса белгилешти. Аксакалдардын пикири боюнча I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөгө көчмөндөрдүн тарыхы жана улуу маданияты тууралуу эске салмакчы.

Аксакалдар Кыргызстанга I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүүсүн каалады.

Президент Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына колдоо көрсөткөндүгү үчүн түрк тилдүү мамлекеттердин аксакалдарына ыраазычылык айтып, өткөрүлүп жаткан оюндар спорттун бул түрлөрүн өнүктүрүүгө зор салым кошооруна ишенимин билдирди.

2014-жыл 8-сентябрь