Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркиянын экс-Президенти Абдуллах Гүл «Данакер» ордени менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык кыргыз-түрк кызматташтыгын тереңдетүүгө жана эки элдин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Түркия Республикасынын экс-Президенти Абдуллах Гүл «Данакер» ордени менен сыйланды.

Алмазбек Атамбаев Абдуллах Гүл Мамлекет башында турган жылдары  Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташуу өз ара аракеттенишүүнүн бардык чөйрөсүндө чыңдалып жана тереңдеп, стратегиялык деңгээлге көтөрүлгөндүгүн белгиледи.

“Өлкөлөрүбүздүн ортосунда жылуу, өзгөчө мамилелер калыптангандыгын зор кубаныч менен белгилейм. Ушуга баланыштуу боордош өлкөлөрүбүздүн ортосунда эки тараптуу кызматташууну чыңдоого кошкон зор салымыңыз үчүн Сизге ыраазычылык билдирем. Өз ара сапарларыбыздын жыйынтыктары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнө улам жаңы түрткү берип турду. Маданиятыбыз, тилибиз жана тарыхый тамырыбыз бир болуп, элдерибиз ар дайым бири бирине көмөк көрсөтүп турган, ошол жакшы ымала кыргыз-түрк мамилелеринин духунда жана мазмунунда таасын чагылдырылып турган. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин алкагында түрк элдеринин ортосундагы байланыштарды чыңдоодогу Сиздин жеке салымыңызды баса белгилегим келет”,- деп белгиленет Алмазбек Атамбаевдин Абдуллах Гүлгө жолдогон катында.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда Абдуллах Гүлдү өлкөдө жакшы өзгөрүүлөрдүн болушуна кызыктар болгон Кыргызстандын досу катары жакшы билишээрин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев экс-Президент Абдуллах Гүлгө жакшы каалоолорун билдирип, узак өмүр, чың ден соолук жана бакыт-таалай каалады.

 

2014-жыл 8-сентябрь