Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлерин кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 5-сентябрында, Чолпон-Ата шаарындагы № 2 Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин Кеңешинин 42-отурумуна катышып жаткан КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлерин кабыл алды

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргызстан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коопсуздукту чыңдоо маселелерине зор маани берээрин белгиледи. “КМШ ички иштер министрлеринин Кеңеши түзүлгөндөн бери олуттуу иштер аткарылды. Биздин биргелешип аткарчу иштерибиз көп, тарыхыбыз бир, өлкөлөрүбүздүн укук коргоо органдарынын ортосунда байланыштар бекем. Өлкөлөрүбүздүн ички иштер министрликтеринин ортосундагы өз ара аракеттенишүүнү бекемдөөдө ички иштер министрликтеринин алкагында кызматташуу өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилеп кетким келет”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы коопсуздукка, коомдук тартипке, тынчтыкка жана туруктуулукка коркунучтардын алдын алуу жана аларга жооп кылуу чараларын өркүндөтүү боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу кызматташууну күчөтүп, маалымат жана маселе чечүү боюнча тажрыйба алмашуу зарыл экендигин белгиледи. “Азыркы заманда коркунучтар көбөйүп, алардын формалары өзгөрдү Ири кылмыштуу уюмдар аракеттенген криминалдык чөйрө  трансулуттук мүнөзгө ээ болуп, чек ара дегенди билбейт. Биз жаңы коркунучтарга, жаңы чакырыктарга жооп берүүгө даяр болушубуз керек. Мамлекеттерибиздин жарандарынын коопсуздугу жана өмүрү негизинен кызматташуубуздун канчалык жакшы уюштурулгандыгына жараша болот,”- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы КМШ алкагында коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуу жана укук тартибин чыңдоо маселелерине зор маани берилип жаткандыгын белгиледи. “Бул кызматташуу өзгөчө форматка ээ, анткени коңшу өлкөлөрдөгү коопсуздук – өзүңдүн коопсуздугуңдун бир бөлүгү эмеспи”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Ысык-Көлдө КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин Кеңешинин 42-отурумунун алкагында кол коюлган документтер КМШ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташууну бекемдөөнүн жана мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун аныктоодо жана зор мааниге ээ болооруна ишенимин билдирди. “Кыргызстанга келгендигиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Кызматташуубузду өнүктүрүү үчүн бул жолугушуу абдан чоң мааниге ээ экендигине ишенем”, - деди Алмазбек Атамбаев.

2014-жыл 5-сентябрь