Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев аскер кызматкерлерине жаңы квартиралардын ачкычтарын тапшырды

Бүгүн, 2014-жылдын 3-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөбүздүн Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлерине Бишкек шаарындагы аскер кызматкерлеринин турак жай комплексиндеги жаңы квартиралардын ачкычтарын тапшырды.

Көп квартиралуу турак үйлөр Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлигинин колдоосу алдында курулган.

Президент Алмазбек Атамбаев  өлкөнүн Коргоо министрлигинин кызматкерлерине 108 квартиралуу эки үйдүн курулушун курууга көмөктөшкөн Кытай Эл Республикасынын жетекчилигине жана Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө эгемендүүлүк жылдары мамлекет аскер кызматкерлерин социалдык жактан коргоого, аскердик реформага жетиштүү көңүл бурбай келгенин моюнга алды. Бирок акыркы жылдары абал түп тамырынан бери өзгөрдү.

“Акыркы жылдары биз Куралдуу Күчтөргө мамилени өзгөрттүк. Өткөн жылы аскердик доктринаны кабыл алдык. Өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн башкаруунун бирдиктүү борбору катары Башкы штаб түзүлдү. Россиянын колдоосу менен аскерибиз заманбап аскердик техника, жабдуулар менен камсыздай баштадык. Эгемендүү Кыргызстандын аскери коргонууга жөндөмдүү болуш керек. Өлкөбүздү коргоого даяр аскерибиз болууга тийиш. Аны үчүн аскердин, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери мамлекет алардын үй-бүлөсүн турак жай, айлык акы жана кызмат кылуу,татыктуу жашоо үчүн зарыл шарттар менен камсыз кылат деген ишенимде болуш керек”,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерин, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. “Быйыл май айында чек арачыларга Бишкектен үй берилди. Июль айында өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үйлүү болушту. Аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү үчүн Бишкек менен Ош шаарларында көп квартиралуу дагы 15 үй салына баштады. Мындан ары дагы бул ыргактан тайбайбыз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

“2013-жылы мамлекет Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн, мекемелеринин инфраструктурасынын курулушуна жана ремонтуна 1 миллиард сомдон ашуун каражат жумшаган. Ала-Букада аскердик шаарча курулду, Көк-Жаңгакта аскер шаарчасынун курулушу жүрүп жатат. Беш-Күңгөйдөгү аскер госпиталы реконструкцияланууда. Бул иш улантылмакчы”,- деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу Күчтөрдү реформалоо Мекенди сакчысынын аброюн көтөрүүгө, жаштарды аскер кызматына тартууга багытталгандыгын баса белгиледи. “Кыргызстандын жаштары өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат кылууга кызыккыдай шарттарды түзүү зарыл. Эгемендик жылдары аскердик кызматтын кадыры кетип калган. Бирок Мекенди коргоо деген ыйык милдет, кесип бар эмеспи! Бул кесип өлкөбөзгө керек. Мамлекет бул кесиптин кадырын көтөрүүгө милдеттүү”, - деди Президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерин, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жаңы конушу менен куттуктап, тынчтык,биримдик жана жооптуу иште ийгиликтерди каалады.

Салтанаттын соңунда Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлерине жаңы квартиралардын ачкычтарын тапшырды.

2014-жыл 3-сентябрь