Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ахмет Давутоглуну Түркиянын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ахмет Давутоглуга Түркия Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктоо жолдоду.

Мамлекет башчысы Ахмет Давутоглунун көп жылдык тажрыйбасы кыргыз-түрк бир туугандык мамилелер мындан ары кеңейишине жана бекемделишине өбөлгө болооруна ишеним билдирди.

Алмазбек Атамбаев Ахмет Давутоглуга жаңы Премьер-министр катары ийгиликтерди, ал эми Түркиянын боордош элине тынчтык, бакубатчылык жана бакыт каалады.

2014-жыл 2-сентябрь