Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Билим күнү Чүй облусундагы Маданият мектебинин ачылыш салтанатына катышты

Бүгүн. 2014-жылдын 1-сентябрында. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Билим күнү Чүй облусундагы Онбир жылга айыл аймагынын Маданият айылында Байдалы Маленов атындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты.

Мамлекет башчысы айылдын тургундарын жаңы мектептин ачылышы, ал эми мугалимдер жана окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Жаңы мектептин курулушу 2011-жылы Алмазбек Атамбаев Премьер-министр болуп турганда эски мектептин авариялык авалда турганын көргөндөн кийин берген тапшырмага ылайык башталган. Азыр эски мектептин ордуна жаңы мектеп курулуп, тиешелүү эмеректер, ашкана, техникалык жабдуулар менен жабдылган.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү өнүктүрүүдө билим берүү системасынын өзгөчө мааниси белгилеп, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо тармагында мамлекеттик саясатты түп тамырынан бери өзгөртүү зарылчылыгына басым жасады.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Канат Садыковго кайрылып, кыргызстандыктар жогорку билим берүү системасынын реформасынын реалдуу жыйынтыктарын көрүш керек деп баса белгиледи. Реформанын негизги багыттары - билим берүү сапатын жогорулатуу жана өлкөнүн билим берүү мекемелеринде коррупцияны жоюу болууга тийиш.

Мамлекет башчысы ошондой эле бюджетте болгон кыйынчылыктарга карабай билим берүү тармагына бөлүнгөн каражаттар натыйжалуу пайдалануу зарылдыгына көңүл бурду. “Эгерде биз өсүп келе жаткан муунга, балдарыбызга сапаттуу билим бере албасак, анда эртең билимдүү, квалификациялуу адистерден кур калабыз. Өлкөгө кыйын болот”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент ата-энелерге кайрылып, балдарга билим берүүгө каражат аябагыла деп чакырды.

Мамлекет башчысы окуучуларга чың ден соолук жана окуудагы ийгиликтерди каалады.

2014-жыл 1-сентябрь