Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу үчүн ат чабыш жана көк бөрү боюнча мелдештин катышуучуларына Президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусу

Бүгүн, 2014-жылдын 31-августунда, Бишкек шаарынын «Ак-Кула» ипподромунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу үчүн ат чабыш жана көк бөрү боюнча мелдештин салтанатка катышып, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун окуп берди.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Ардактуу меймандар!

Сиздерди Кыргызстан элинин атынан жана өзүмдүн атыман өлкөбүздүн эң башкы майрамы - Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кыргызстаныбыз быйыл 23 жашка чыкты. Ушул жылдары элибиз далай сыноолордон өттү, кыйынчылыктарды баштан кечирди. Кыйналса да, ийилген жок. Чайпалса да, төгүлгөн жок. Сабырдуулук менен, биримдик, ынтымак аркылуу мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калдык.

Бүгүн биз – көчмөн элдердин урпактары ата-бабаларыбыздын рухун, каада-салтын жандандырууга милдеттүүбүз. Өткөн тарыхыбызга таазим кылып, келечекке ишенимдүү кадам шилтөөгө тийишпиз.

Касиеттүү Ысык-Көлдүн боюнда жакында тушоосун кескени турган Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары мына ошо максатка багытталган. Көчмөндөр цивилизациясынын башатында турган кыргыз эли дүйнөдөгү көчмөндөрдүн тарыхын, каада-салтын урматтап, биримдикке, ынтымакка чакырып жаткандыгына миллиондогон адамдардардын назары түшүп, көңүлү бурулду.

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлүп жаткан көк бөрү мелдеши жана улуттук оюндар ошол эл аралык чоң майрам алдындагы мыкты даярдык болуп калсын. Дүйнө элдерин ынтымакка, биримдикке жана өнүгүүгө чакырган иш-чарага айлансын. Ат жалында ойногон улуттук оюндар боюнча азаматтарыбыз дүйнө элдеринин алдында кыргыздын намысын бийик көкөлөтөт деп ишенем.

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат турмуш каалайм.

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                        

2014-жыл 31-август