Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Беларустун Президенти Александр Лукашенко Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Президент Александр Лукашенко Беларусь менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара түшүнүүгө негизделген кызматташтык өлкөлөрүбүздүн жыргалчылыгы үчүн ишенимдүү жана конструктивдүү багытта жемиштүү өнүгөөрүнө ишенимин билдирди.

Беларустун Президенти Кыргызстан менен эң кеңири маселелердин спектри боюнча ачык диалогко даяр экендигин белгиледи.

Александр Лукашенко Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук, бакыт-таалай жана жогорку  мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерди, ал эми достук Кыргызстандын элине тынчтык, жакшылык жана бакубатчылык каалады.

2014-жыл 30-август