Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

БУУ Башкы катчысы Пан Ги Мун Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

БУУ Башкы катчысы Пан Ги Мун Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Улуу урматтуу,

Мен Сизге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана элине Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоолорду жиберип жатканыма кубанычтамын.

Ар бир мамлекет өзүнүн маданий, тарыхый жетишкендиктерин белгилегени маанилүү жана бул биздин дүйнөнү жарык жана динамикалуу кылган ар түрдүүлүктүн негизи. Биз күн өткөн сайын өз ара тыгыз байланышта болуп бараткан дүйнөдө бири-бирибиз менен байланышыбызды мойнубузга алып жатканыбыз да маанилүү. Масштабына жана турмуш шарттарына карабастан Бириккен Улуттар Уюмунун бардык мүчө мамлекеттери Уюмдун Уставын сактоодо өз ролун ойнойт.

Акыркы жылдары биз Миң жылдык өнүгүү максаттарына жетүүдөгү үмүт жараткан прогрессти көрүп жаттык. 2015-жылдын аягына чейин дагы көп жумуш аткаруу зарыл, «Пост-2015» өнүгүү программасын түзүп, аба-ырайы маселеси боюнча макулдашууга жетишүү керек. Ушул жыл аталган максаттарга жетүүдөгү аракеттерибиз үчүн чечүүчү болот.

Мындан ары да сиздердин өлкө активдүү катышуусу болот деп мен үмүттөнөм. Жалпы иш үчүн шымаланып иштегенде гана тынчтыкты бекемдөө жана адам укугун коргоо боюнча жалпы максаттарыбызды илгерилетүүдө ийгиликтерге жете алабыз.

Улуу урматтуу, Сизди терең урматтоо менен,

Пан Ги Мун,

Бириккен Улуттар Уюмунун

Башкы катчысы”

2014-жыл 30-август