Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Сауд Аравиясынын Королу Абдуллах Бен Абдель-Азиз Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Сауд Аравиясынын Королу Абдуллах Бен Абдель-Азиз Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Сауд Аравиясынын Королдугунун элинин жана Өкмөтүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атыман өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата чын дилимден чыккан куттуктоолорумду жана жакшы тилектеримди, Улуу урматтуу, Сизге ден соолук жана бакыт, ал эми бир тууган Кыргызстан Өкмөтүнө жана элине жыргалчылык жана гүлдөп өнүгүү кааларымды билдирүү мен үчүн зор ырахат.

Сауд Аравииясынын Королу

Абдулла Бен Абдель Азиз Аль Сауд”


2014-жыл 30-август