Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаук Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаук Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Президент мырза,

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Сизге жана Кыргызстан элине жеке өзүмдүн жана мекендештеримдин атынан чын жүрөктөн куттуктоолорду жолдойм.

20 жылдан ашуун убакыттан бери биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди үзгүлтүксүз өнүктүрүп, тереңдетип келдик. Бул мамилелер келечекте да кызматташтыгыбызды ийгиликтүү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген бекем фундаментти түзөт. Демократия жана укуктуу мамлекет принциптерин мындан ары да бекемдөө жана ошондой эле ар улуттуу элдердин ынтымакта жашоосу сиздердин өлкөнүн негизи катары кала берет. Германия бул процесске мындан ары да колунан келген салымын кошот.

Сизге жана Кыргызстандын элине тынчтыкта жана эркиндикте бакубат жашоо жана жаркын келечек каалайм.

Йоахим Гаук

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти”

2014-жыл 30-август