Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Польшанын Президенти Бронислав Коморовски Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Польша Республикасынын Президенти Бронислав Коморовски Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Президент мырза,

Эгемендүүлүк күнүнө карата Польша элинин  жана өзүмдүн атыман Сизге жана Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына эң жакшы каалоолорумду билдирем.

Польша Республикасы Кыргыз Республикасы менен эки тараптуу мамилелердин ийгиликтүү өнүгүп жатканын баалайт.

Президент мырза, Сизге Кыргызстандын демократиялык саясый системасын бекемдөөдө ийгиликтерди, өлкөңүзгө жана анын элине бардык жакшылыктарды каалайм.

Урматтоо менен,

Бронислав Коморовски”

2014-жыл 30-август