Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Таиланддын Королу Пхумипон Адульядет Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Таиланддын Королу Пхумипон Адульядет Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата чын дилимден Сизге, Улуу урматтуу ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргыз Республикасына жана анын элине прогресс жана өнүгүү кааларымды билдирүүгө курсантмын.

Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бекем достук жана кызматташтык байланыштар мындан ары да кеңейе берет деп ишенем”.

2014-жыл 30-август