Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Шри-Ланканын Президенти Махинда Раджапакса Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Президенти Махинда Раджапакса Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Улуу урматтуу,

Өзүмдүн, Шри-Ланканын Өкмөтүнүн жана элинин атынан Сизди, Улуу урматуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн жана элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктап коюуга руксат этиңиз.

Шри-Ланка менен Кыргыз Республикасы өз ара түшүнүшүүгө жана кызматташтыкка негизделген жакын эки тараптуу мамилелерди күттү . Биздин мамилелер мындан ары да эки өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн кызматташтыктын жаңы тармактарында тереңдеп, кеңейе берет деп чын дилимден ишенем.

Учурдан пайдаланып, Сизге, Улуу урматтуу, чың ден соолук, ал эми Кыргыз Республикасынын элине мындан ары да тынчтык, прогресс жана өнүгүү каалайм.

Махнида Раджапакса”

2014-жыл 30-август