Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ирандын Президенти Хасан Роухани Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Улуу урматтуу,

Сизди, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн жана элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм.

Өз ара кызыкчылыктардын негизинде ар кандай тармактарда өнүгүп келген Иран Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы болгон жакшы жана конструктивдүү мамилелер мындан ары да өнүгөт деп ишенем. 

Сизге ден соолук жана ийгиликтерди, ал Кыргызстандын Өкмөтүнө жана элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү ырооло деп Жараткандан суранам.

Хасан Роухани”.

2014-жыл 30-август