Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 20-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөдөгү автомобиль жолдорунун курулушу жана реабилитациялоосу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен министр Калыкбек Султанов ошондой эле өлкөнүн түндүк жана түштүк региондорун жаңы каттам боюнча бириктирген альтернативдик жолдун курулушунун жүрүшүн талкуулашты.

Мамлекет башчысы бул автожолдун өлкөнүн өнүгүүсү үчүн стратегиялык маанисин өзгөчө белгилеп, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине сапатка өзгөчө маани берүү менен ушул долбоорду өз мөөнөтүндө  ишке ашыруу милдетин тапшырды.

Андан сырткары, Мамлекет башчысы Ысык-Көл облусунда сентябрь айында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу «Боом-Балыкчы» автожолунун участогун реабилитациялоону тездетүү зарылдыгын белгиледи.

2014-жыл 20-август