Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 19-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу маселелер талкууланды. Тактап айтканда, Дүйшөнбек Зилалиев кендерди геологиялык чалгындоо, жер казыналарын пайдалануу укугун лицензиялоо жана аукциондорду өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында айтып берди.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору ведомствонун антикоррупциялык ишмердүүлүгүнө, ошондой эле кенди пайдалануу укугуна жана лицензиялоо процесстери боюнча жүргүзүлүп жаткан конкурстардын бардык этаптарында транспаренттүүлүктү камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын улуттук байлыктарын өлкөнүн кызыкчылыктарында пайдалануу керек экендигин, ал эми объекттерди казып алуу ишмердүүлүгүнүн  мыйзамдуулугу жана алардан мамлекеттик бюджетке түшкөн каражаттардын көлөмү жарандарда шектенүү пайда кылбашы керектигин баса белгиледи. 

2014-жыл 19-август