Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик Думанын депутаты, Россиянын хоккей федерациясынын президенти Владислав Третьякты кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 18-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты, Россия Федерациясынын хоккей федерациясынын президенти, Эл аралык хоккей федерациянын кеңешинин мүчөсү Владислав Третьякты кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда хоккей оюнун өнүктүрүү жана жайылтуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Россиянын хоккей федерациясынын президентине Кыргызстанга келгени үчүн ыраазычылык билдирип, анын дүйнөлүк хоккейдин өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи. “Сиздин келишиңиз Кыргызстанда хоккейдин өнүктүрүүгө салым кошот деп ишенем. Биз өлкөлөрүбүз ортосундагы спорт тармагындагы өз ара кызматташууну бекемдешибиз керек”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Владислав Третьяк эки өлкөнүн Хоккей федерацияларынын ортосундагы кызматташуу, анын ичинде Россиянын хоккей федерациясынын колдоосу менен кыргызстандык хоккейчилерге методикалык жардам көрсөтүү, машыктыруучуларды жана оюнчуларды такшалдыруу боюнча пландарын айтып берди.

Жолугушуунун соңунда Владислав Третьяк Алмазбек Атамбаевге өзүнүн ысымы жазылган  майканы белек катары тартуулады.

Жолугушууга Кыргыз Республиканын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов дагы катышышты.

2014-жыл 18-август