Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 15-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө  өлкөнүн шайлоо системасын  өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте БШКнын көрүп жаткан чаралары тууралуу  маселелер талкууланды. Туйгунаалы Абдраимов жарандар тууралуу биометрикалык маалыматтарды жыйноо иштерин жүргүзүү боюнча камылгалар, ошондой эле  шайлоочулардын сапаттуу тизмесин жана добуштарды ачык эсептөө процессин камсыз кылууга   багытталган чаралар туурасында  маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев  өлкөнү демократиялуу жана туруктуу өнүктүрүү үчүн шайлоо системасын өркүндөтүүнүн маанисин баса белгиледи. Мамлекет башчысы  келерки жылдагы парламенттик шайлоолор  ачык жана  калыс өткөрүлүп, анын жыйынтыктары жарандарда ишеним жаратууга тийиш экендигин белгиледи.

2014-жыл 15-август