Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Тибет автономиялуу райондогу автокырсыкка байланыштуу КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге 2014-жылдын 9-августунда ондогон адамдардын өмүрүн кыйган Тибет автономиялуу райондогу  автокырсыкка байланыштуу көңүл айтты.

Мамлекет башчысы каза тапкандардын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ушул трагедиянын натыйжасында жапа чеккендердин бардыгы тезирээк айыгып кетишине  каалоосун билдирди.

2014-жыл 12-август