Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын Президенти Хасан Роуханиге Тегерандагы авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2014-жылдын 11-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  2014-жылдын 10-августунда ондогон адамдардын өмүрүн кыйган Тегерандагы авиакырсыкка байланыштуу Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты.

Мамлекет башчысы каза тапкандардын жакындарына жана туугандарына  көңүл айтып, ушул трагедиянын натыйжасында жапа чеккендердин бардыгы тезирээк айыгып кетишине  каалоосун билдирди.

2014-жыл 11-август