Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту

2014-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев иш сапарынын жүрүшүндө Анкара шаарында Түркия Республикасынын Премьер-министри Режеп Тайип Эрдоганменен жолугушту.

Мамлекет башчысы Түркиянын Премьер-министрин 2014-жылдын 10-августунда өткөрүлгөн президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Кыргыз-түрк мамилелери Режеп Тайип Эрдоган Түркия Республикасынын Президенти кызматында турган мезгилде Түркиянын Премьер-министри кезиндегидей эле динамикалуу өнүгөөрүнө ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Режеп Тайип Эрдоганга Түркиянын Президенти кызматында Түркия Республикасынын гүлдөп өнүгүшү үчүн ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө боордош эки өлкөнүн ортосундагы  кызматташууну жана достукту чыңдоонун мындан аркы келечегине тиешелүү маселелер дагы талкууланды.

2014-жыл 11-август