Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл менен жолугушту

Бүгүн, 2014-жылдын 9-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Президенти Абдуллах Гүл менен жолугушту.

Жолугушууда Мамлекет башчылары акыркы жылдардагы эки тараптуу мамилелердеги жетишилген прогрессти жогору баалашты.

Алмазбек Атамбаев Абдуллах Гүлдүн кыргыз-түрк кызматташтыгын жана боордош мамлекеттердин достугун бекемдөөгө кошкон чоң салымын белгиледи. “Түркия кыйын мезгилдерде Кыргызстанды дайыма колдоп келген”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчылары ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүн талкуулап, экономикалык аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

2014-жыл 9-август