Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 8-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек  Атамбаев өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы  Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин учурдагы жүргүзүлүп жаткан иши жөнүндө маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев жана УКМК төрагасы Бусурманкул Табалдиев, ошондой эле улуттук коопсуздукту камсыз кылууда, анын ичинде терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ишти талкуулашты.

2014-жыл 8-август