Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 6-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы жана Мамлекеттик комиссиянын директору өлкөдөгү диний кырдаалдын абалы жана өнүгүү келечегин, анын ичинде Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын иштеп чыгуунун жүрүшүн талкуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаев дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты кескин жакшыртууга багытталган иштин маанилүүлүгүн белгиледи.

2014-жыл 6-август