Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 5-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин отурумунун жыйынтыктары, ошондой эле Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен болгон жолугушуу боюнча министр Эрлан Абдылдаевдин докладын укту.

Президент Алмазбек Атамбаев жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев мындан тышкары күн тартибиндеги регионалдык жана эл аралык маселелерди талкуулашты.

Мамлекет башчысы Тышкы иштер министрлиги чет элдик өнөктөштөр менен ар тараптуу байланыштарды өнүктүрүү жана орун алган маселелерди чечүүдө өз ара алгылыктуу чечимдерге жетишүүдө Кыргызстандын улуттук таламдарын милдеттүү түрдө эске алуу менен активдүү ишти улантуу зарылдыгын белгилеп өттү.

2014-жыл 5-август