Бүгүн, 2014-жылдын 4-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге Юньнань провинциясында 2014-жылдын 3-августунда болгон, көптөгөн адам курмандыктары жана чоң кыйроолор менен коштолгон жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты.
Мамлекет башчысы каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты, жабыркагандарга тезирээк сакайып кетишин каалады.