Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 1-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөнүн Социалдык фондунун азыркы кездеги ишмердиги, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын күзүндө пландаштырылып жаткан пенсияларды жогорулатуу тууралуу маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Мухамметкалый Абулгазиев көп компоненттүү жана жарандарды татыктуу жана мезгилге шайкеш келген пенсия менен камсыз кыла турган Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү Концепциясынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулашты.

Мамлекет башчысы Социалдык фондго керектүү төлөмдөрдү абийирдүүлүк менен төлөгөн жарандарга карата калыс болгон пенсиялык системаны өнүктүрүү зарылчылыгын баса белгиледи.

2014-жыл 1-август