Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 31-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн  финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетин аткаруу, 2015-жылга негизги финансылык документтин приоритеттери тууралуу маселелер талкууланды.

Мындан тышкары Мамлекет башчысына  өлкөнүн энергетикалык системасын чыңдоо үчүн бөлүнгөн каражаттардын өздөштүрүлүшү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди.

Финансы министри Ольга Лаврова ошону менен бирге республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын камсыз кылууга багытталган чаралар жөнүндө айтып берди.

2014-жыл 31-июль