Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 30-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды.

Мамлекет башчысына өлкөнүн энергетикалык системасынын азыркы абалы жана ишмердиги, жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Тактап айтканда, Осмонбек Артыкбаев кышкы-күзгү мезгилди стабилдүү өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн энергетика жана өнөр жай министрлигинин конкреттүү иштерине токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев министрликке энергетика тармагындагы азыркы проблемаларды обьективдүү баалап, аларды чечүүнүн механизмдерин тыкыр иштеп чыгуу боюнча тапшырма берди.

2014-жыл 30-июль