Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУ Генералдык катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 29-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жамаатык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Генералдык катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды

Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУ ишмердигинин маселелери, тактап айтканда  регионалдык коопсуздукту камсыз кылууда өз ара аракеттенишүүнүн түрдүү аспектилери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев  менен ЖККУнун Генералдык катчысы Николай Бордюжа ошону менен катар Кыргызстанда ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү менен бирдикте өткөрүлүп жаткан «Ажырагыс боордоштук – 2014» окууларын талкуулашты.

 

2014-жыл 29-июль