Бүгүн, 2014-жылдын 29-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районундагы Арашан айылынын мечитинде майрамдык айт-намазга катышты.
Андан кийин Мамлекет башчысы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун жаркын элестерин эскерди.