Куттуктоонун тексти:
“Кымбаттуу мекендештер!
Кадырлуу мусулмандар!
Баардыгыңыздарды Орозо айт күнү менен куттуктайм!
Ыйык майрамды ар бир мусулман зор үмүт, жакшы тилек менен күтөт. Жаратканга тобо келтирип, тазаланууга, жакшылыкка, кайрымдуулукка умтулат.
Жакшы тилектериңер, асыл максаттарыңар кабыл болсун! Орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун!
Жараткан жерибизге тынчтык, элибизге ынтымак, берекет берсин!
Айт маарек болсун!
Кыргыз Республикасынын
Президенти Алмазбек Атамбаев”